Кыргызстанда IX Эл аралык автожарыштын катышуучулары расмий түрдө кабыл алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маршрут 22-июлдан 26-июлга чейин өлкөнүн аймагында Ош шаарынан Баштап, Узген, Манас, Казарман, Балыкчы, Чолпон-Ата, Тюп боюнча Караколго жетет жана андан соң катышуучулар Казакстан тарапка улантышат.
Иш-чаранын маанилүү бөлүгү катары Манас шаарында тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, жол коопсуздугун камсыз кылуу, заманбап технологияларды киргизүү жана транспорттук кызматташууну кеңейтүү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.
Министрлик билдиргендей, бул автожарыш эл аралык тажрыйба алмашууну жакшыртуу, транспорттук байланыштарды бекемдөө жана жол чарба тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.



















