Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалан айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын ачылыш аземи белгилүү Morandi тобунун катышуусу менен өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Музыкалык программанын алкагында аткаруучулар өзүнүн популярдуу чыгармаларын аткарышат. Ачылыш аземи саат 13:00дө башталат.
Иш-чарага катышкуну каалаган бардык жарандар үчүн кирүү акысыз экени белгиленди.









