Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалан айылында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» комплексинин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, салтанаттуу иш-чара 1-декабрда саат 13:00дө өтөт.

Комплекстин лыжа жолдору 2-декабрдан баштап келип түшүүчүлөрдү кабыл алай баштайт. Ачылыш күнү коноктор үчүн кирүү акысыз болот.

Чоң концерттик программа

Иш-чаранын башкы кадырлуу коногу катары америкалык аткаруучу Джейсон Деруло чыгат. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык деңгээлдеги көптөгөн артисттер сахнада болушат.