Нарын облусунда Куланак ГЭСин жана буруучу каналды курууга байланыштуу Нарын — Баетов автожолунун тилкесинде жаңы жол жана көпүрө курулуп жатат.

Иштер 33-чү километрден 38-чи километрге чейин, Куланак жана Достук айылдарынын ортосунда жүргүзүлүүдө. Курулуштун жүрүшү менен Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жеринде таанышты.

Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Асылбек Чойбеков азыркы иштер, курулуштун этаптары жана алардын аяктоо мөөнөттөрү тууралуу маалымат берди.

Таанышуунун жыйынтыгында Нурбек Сатаров курулуштун сапатына көңүл буруп, иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптарга ылайык бүтүрүүнү тапшырды.