Нарын шаарында РТС аймагындагы панорамалык аянтчаны жакшыртуу боюнча иштер уланууда. Шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев жарыктандыруу, коопсуздукту камсыздоо жана инфраструктураны өнүктүрүү иштери боюнча тапшырмалар берди.
Мэриядан маалымдашкандай, жолдун узундугу 238 метрди түзөт жана анын жанында булганычты кыскартуу үчүн таштанды кутулары коюлат. Ошондой эле, көпүрөнү ремонттоо иштери жүрүп жатат.
Бул долбоор Нарын шаарынын туруктуулук программасынын алкагында ишке ашырылып, шаардагы туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Мэр өзү ишканалар менен кызматташтыкты күчөтүү аркылуу туристтер үчүн зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.



