Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги тарабынан билдирилгендей, ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатуу жана адистерди стимулдаштыруу максатында «Мал аман» деген мамлекеттик ветеринардык ишкана түзүлөт. Бул жаңы түзүм жеке менчик ветеринардык врачтарды мамлекеттик кызматтарга тартуу аркылуу малдардын ден соолугун коргоого багытталган.

Биринчилерден болуп, болжол менен 1500 жеке ветеринардык врачтар жаңы ишканага кабыл алынат. Алар мамлекеттик тапшырмаларды аткарып, анын ичинде малдарды эмдөө, кан анализин алуу жана башка ветеринардык чараларды жүргүзүшөт.

Жеке менчик ветеринарлар мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана убагында аткаргандарга айлык маянасы 30 миңден 40 миң сомго чейин берилет. Андан сырткары, алардын ишинин жыйынтыгына жараша кошумча бонус берилет, бул жалпы кирешени 100 миң сомго чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда «Мал аман» ишканасын түзүү боюнча жобо тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу баскычында турат. Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү келерки-жылдын башынан башталат.

Жеке ветеринардык врачтарды мамлекеттик кызматка өткөрүү эң туура чечим болуп эсептелет. Алардын ишин колдоп, туруктуу айлык маяна менен камсыздоо зарыл.
Жалил Аалымкулов, ветеринар