Ош шаардык мэриясы билдиргендей, Ак-Тилек кичирайонундагы парктын курулушунда негизги иштер аткарылган. Учурда аймакты көрктөндүрүү жана инфраструктураны орнотуу иштери жигердүү жүргүзүлүүдө.
Паркта жаштар үчүн заманбап воркаут-зоналар жана балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары каралган. Мындан тышкары, жашыл аянттарды үзгүлтүксүз сугарууну камсыз кыла турган автоматташтырылган сугат системалары орнотулууда.
Парктын курулушу жакынкы аралыкта толугу менен аяктайт деп күтүлүүдө. Андан кийин объект Ош шаарынын тургундары үчүн колдонууга берилет.











