Бул жер титирөө түнкү саат 02:40та Нарын облусунда катталган. Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан 5 чакырым жана Нарын шаарынан 31 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Эл жашаган аймактардагы интенсивдүүлүк

Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Оттук жана Казан-Куйган айылдарында 5 баллга жакын болду.

Джерге-Тал, Кызыл-Жылдыз, Эчки-Башы, Эмгекчил айылдарында 4 баллга жетти.

Куйбышев, Шоро, 8-Март, Ак-Талаа, Достук, Жан-Булак, Мин-Булак, Жалгыз-Терек, Орто-Саз, Ак-Кыя, Орто-Нура, Кеңеш айылдарында 3,5 баллды түздү.

Нарын шаарында жер титирөөнүн күчү 3 балл болду.

Учурда мүмкүн болгон жабыркагандар жана имараттардын бузулушу боюнча маалымат такталууда.