Ош шаарында Жекелик каналынын суу коргоочу аймагын тазалоо жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, буга чейин жээктеги мыйзамсыз курулуштар суунун эркин өтүшүнө тоскоолдук жараткан. Учурда адистер аймакты мыйзамсыз объекттерден бошотуу жана тартипти калыбына келтирүү боюнча иштерди аткарууда.
Бул тазалоо иштерине төрт атайын техника тартылгандыгы белгиленди.

