Ош шаарынын аппаратынын жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин аймактык экономикалык өнүгүү боюнча кеңешчиси Чарли Моррис менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош шаарын экономикалык жактан өнүктүрүү, инфраструктураны реформалоо, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча талкуу жүргүздү.
Ошондой эле аялдар менен жаштардын ишкердик демилгелерин арттыруу багытында кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушуу соңунда түштүк борбору менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда кызматташтык мындан ары да тереңдейт жана келечектеги долбоорлор боюнча диалог улантылат деген макулдашууга келди.







