7-ноябрда Пекинде VII Дүйнөлүк медиасаммит болуп өттү. Иш-чара «Интеллектуалдык өзгөрүүлөрдүн шарттарындагы медиа миссия жана биргелешкен аракеттер» деген ураан астында өттү. Аны «Синьхуа» маалымат агенттиги жана Пекин элдик өкмөтү уюштурду.

Катышуучулардын саны

500өкүлчүлүк
330ММК
112өлкө жана регион

Саммиттин жүрүшүндө катышуучулар маалыматты өндүрүүдө жана жайылтууда жаңы технологияларды киргизүү, дезинформацияга каршы күрөшүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Форумга Кыргыз улуттук маалымат агенттиги «Кабардын» директору Медербек Шерметалиев да катышты.

«Синьхуа» тармакты өнүктүрүүнү илгерилетүү жана өз ара алмашуу менен кызматташтыкка көмөктөшүү үчүн бардык тараптар менен диалогду чыңдоого даяр
Фу Хуа, «Синьхуа» маалымат агенттигинин президенти

«Синьхуа» маалымат агенттигинин президенти Фу Хуа жасалма интеллекттин тез өнүгүшү медиа үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачса да, маалыматтын тактыгына жана аудиториянын ишенимин сактоого өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.