Мамлекеттик салык кызматынын түшүндүрмөсүнө ылайык, ашыкча төлөнгөн салык деп иш жүзүндө которулган сумма менен төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ортосундагы оң айырма эсептелет. Бул эреже туумдарга, пайыздарга жана салыктык санкцияларга да тиешелүү. Бирок, кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча ашыкча төлөмдөр башкача жөнгө салынат жана Салык кодексинин 326-329-беренелери менен аныкталат.

Мисалы, эгер салык төлөөчү 10 миң сом төлөшү керек болсо, бирок ката кетирип 12 миң сом которсо, анда 2 миң сом ашыкча төлөм катары эсептелет.

ГНС бул сумманы салыктык милдеттенмелердин эсебине киргизүүгө же кайтарып алууга болорун билдирди.

Эгерде салык төлөөчүнүн карызы болсо, ашыкча төлөм биринчи кезекте ошол карызды жабууга багытталат. Алгач тиешелүү салык боюнча туумдар, пайыздар жана санкциялар жабылат, андан кийин башка салыктар боюнча карыздар, анан ошол салыктар боюнча туумдар, пайыздар жана санкциялар жабылат.

Ошол эле салык боюнча ашыкча төлөмдү келечектеги төлөмдөрдүн эсебине салык органы өз алдынча киргизе алат.

Эгерде башка салыктар боюнча карыз кийинчерээк пайда болсо, эсепке алуу карыз пайда болгон күндөн тартып автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Мында салык төлөөчүгө он календардык күндүн ичинде бул тууралуу билдирүү керек.

Эгерде карыз жок болсо же ал жабылган болсо, салык төлөөчү арыз берип, ашыкча төлөмдү башка салыктар боюнча келечектеги милдеттенмелердин эсебине киргизүүгө же акчаны бирдиктүү салыктык эсепке которууга болот.