30-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет. Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Визиттин алкагында мамлекет башчылар тет-а-тет, ошондой эле кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр жүргүзүшөт. Бул Кыргыз-өзбек алакаларын андан ары бекемдөөдө маанилүү кадам болору күтүлүүдө.

Сапардын жыйынтыгында бир катар эл аралык, өкмөт аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюу пландалган.

Даярдалган мамлекеттик иш сапар эки өлкөнүн достугуна, ишенимине жана өз ара колдоосуна негизделген мамилелердин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.