Кыргызстанда өткөрүлүүчү суунун Формула-1 дүйнөлүк чемпионатынын этаптарынан бирине белгилүү голливуддук актер Жан-Клод Ван Дамм катышуусу күтүлүүдө.
Бул тууралуу суунун мотор спорту федерациясынын президентти Айбек Абылкасымов Ысык-Көл облусундагы Бает айылында өткөн прессконференцияда билдирди.
Абылкасымов учурда Ван Дамм Испаниянын Мадрид шаарынан Кыргызстандын багытында учуп келе жатканын айтты. Белгилүү актерду чакыруу кыйын болгон менен бул ишке активдүү аракеттер жасалып жатат.
Андан сырткары, федерация мындан кийинки мелдештерге дагы белгилүү инсандарды чакыруу пландарын көздөп жатканын маалымдады.






