Шанхай кызматташтык уюмунун журналисттер форумунда сүйлөгөн Тимур Осмонов мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы багытты белгиледи.
Ал бул кызматташтыкты саясий жана экономика жактан тышкары гуманитардык деңгээлде өркүндөтүү зарыл экенин белгилеп, бул үчүн медиа аркылуу элдердин өз ара түшүнүүсүн арттыруу керектигин айтты.
Жыл сайынгы жаштар медиалагери
Осмоновдун сунушу боюнча, ШОС чеңинде ар кыл өлкөлөрдөн келген журналистика, режиссура жана фотожурналистика адистиктериндеги студенттер биргелешип материалдар, документалдык тасмалар жана санарип долбоорлор чыгарыш үчүн жыл сайын медиалагер уюштурулат.
Ал ошондой эле ШОСтун чечимдери менен саммиттери гана эмес, күнүмдүк элдин турмушу тууралуу маалыматтарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.






