30-июлдан 1-августка чейин Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин жол кыймылы убактылуу тосулат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Чектөөлөрдүн негизги себеби — Узбекистан президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарлары жана ошол күндөрү өткөрүлүүчү « Борбор Азия — Азербайжан» саммити.

Алагозов өз билдирүүсүндө элден мындай убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранды жана өлкөнүн эл аралык байланыштарын чыңдоого багытталган маанилүү иш-чаралардан улам пайда болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.