Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Ананьево айылындагы №33 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна өзгөчө көңүл бурду. Ал жерден министр курулуш иштерин уюштуруу жана аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.