30-июль - 1-август аралыгында Иссык-Көл облусундагы Тамчы аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол убактылуу жабылат.
Жолдун тосулушу Өзбекстан жана Азербайжан мамлекет башчыларынын визиттери менен байланыштуу.
Ошондой эле бул аралыкта мамлекет башчыларынын регионалдык саммити өтөт.
Жергиликтүү бийлик жолдун тосулушуна байланыштуу алдын ала кабардар кылып жатат.

