Бишкек айланасындагы транспорттук кольцо жолун түзүү долбоору калктуу конуштардын трафигин жакшыртуу максатында иштелип чыгып жатат. План боюнча, обьезд жолдордун байланышып, шаар ичинде транспорттун агымын жеңилдетүү көздөлүүдө.
Түндүк обьезд жолунун маңызы жана курулушу
Кольцо жолунун негизги бөлүгү катары саналган Түндүк обьезд жолунун узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Ал Кант шаарынан башталып Кара-Балтага чейинки трассага чейин иштелип жатат. Учурда бул аймакта курулуш иштери тынымсыз жүргүзүлүп, күнү-түнү жумушчулар эмгектенүүдө.
Азыркы учурда жолдун түштүк бөлүгү толук бүткөрүлүүдө, тактап айтканда Васильевский трактынан Кантка бурулган жерге чейин болжол менен 13 чакырым асфальт төшөлдү. Маалыматка ылайык, кийинки баскычта жолдун түндүк тарабындагы топуракты даярдоо жана асфальт төшөө иштери пландалууда.
Курулуш иштери Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы тарабынан, Кыргызстандын Транспорт министрлигинин тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.


















