Көп балалуу энелерге арналган салтанат
Башка жылдарга салыштырмалуу, бул ирет 181 аял мамлекеттик наградарга ээ болушту. Анын ичинде "Баатыр эне" орденин 92 аял, "Эне даңкы" медалын болсо 89 аял алып, өлкөнүн маданиятына чоң салым кошкондугу үчүн сыйланды.
Мэр Айбек Джунушалиев, салтанаттын жүрүшүндө, энелердин балаларын тарбиялоодогу үлгүсү жана туугандарына болгон камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдирип, үй-бүлөдө руханий-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөнүн маанисин белгиледи.
Ошондой эле, салтанаттын катышуучулары үчүн көркөм программа уюштурулган.














