2026-жылдын 28-июлунда Кара-Суу районунда көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чарага Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Чынгыз Бапаев катышты.

Президенттин 2026-жылдын 13-майындагы №161 жана №162 буйруктарынын негизинде Кара-Суу аймагынан 90 көп балалуу апа сыйланды. Алардын ичинен 49 апа "Баатыр Эне" орденине, 41 апа "Эне Данкы" медалына ээ болду.

Иш-чаранын уюштуруучулары мамлекеттик сыйлыктардын көп балалуу апалардын үй-бүлөнү чыңдоодогу, өспүрүм балдарды тарбиялоодогу жана өлкөнүн келечегин өнүктүрүүдөгү салымын жогору баалоо экенин белгилешти.