Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 235 көп балалуу эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу облус боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди.
Текебаев энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен куттуктап, алардын үй-бүлөнү бекемдөөгө жана балдарды тарбиялоодо аткарган маанилүү ролун баса белгиледи. Ал мамлекет энелерге жана балдарга социалдык программалар аркылуу колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.
2026-жылдын 1-январынан тарта тоо жана жетүү кыйын аймактарда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө бир жолку "Бала Береке" төлөмү киргизилди. Ал эми 1-августтан баштап жашы үчтөн төмөн балдар үчүн "Бала ырысы" мамлекеттик колдоо программасы ишке кирет.
2026-жылы Жалал-Абадда мамлекеттик сыйлык алган энелер
















