27-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйында эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык штабдын чогулушу болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы билдирди. Жыйынды Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков алып барды.

Маалыматка ылайык, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана башка маанилүү эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтары угулду. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жана окуяларды алдын алуу, ар кандай инциденттерге жол бербөө үчүн көрүлүп жаткан чаралар да каралды.

Адилет Орозбеков министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык тиешелүү жетекчилери жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана тобокелдиктер менен коркунучтар пайда болгон учурда ыкчам аракеттенүү боюнча толук чараларды көрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи. Ал инциденттерди болтурбоо үчүн бардык тараптардын жемиштүү иш алып баруусу керектигин айтты.