Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоого багытталган.
Мыйзамдын негизги нормалары
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар акы төлөнүүчү жана жарандык-укуктук негизде көрсөтүлүүчү кызматтар деп экиге бөлүнөт.
- Социалдык жактан корголушу зарыл категориялар үчүн жеңилдиктер каралган.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген акысыз кызматтар үчүн төлөм алуу тыюу салынат.
- Кызмат көрсөтүү процесстери санариптештирилет жана керектөөчүнүн сурамжылоосу жок эле кызмат көрсөтүү жолго коюлат.
- Санарип технологиялардан пайдалана албаган жарандар үчүн альтернативдүү кызмат көрсөтүүлөр каралган.
- Жеке сектор кызматтарды аутсорсинг аркылуу жеткирүүгө катыша алат.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт.
Мыйзам мамлекеттеги кызмат көрсөтүүлөр системасын замандын талабына ылайык санариптештирүүгө жана бюрократияны азайтууга чоң мүмкүнчүлүк берет.




