Бишкекте Сауд Аравиясынын парламенттик делегациясы кыргыз элинин улуттук маданияты менен таанышты. Делегацияны Маджлис Аш-Шура (Консультативдик кеңеш) төрагасы шейх доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жетектеген. Бул тууралуу Жогорку Кенештин басма сөз кызматы билдирди.
Ардактуу коноктор үчүн атайын маданий программа уюштурулду. Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин тарыхын, салттарын жана руханий мурасын чагылдырган көргөзмө сунушталды.
Конокторго улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, турмуш-тиричилик буюмдары жана салттуу маданияттын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле делегация үчүн кыргыз музыкалык чыгармалары аткарылды.




















