2026-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук фтизиатрия борборуна иш сапары менен келди. Министр мекеменин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана бейтаптардын дарылануу шарттары менен таанышты.}}{ ext/html

Медициналык борбордун аймагында бир катар маанилүү өзгөртүүлөр күтүлүүдө. Пландалган иштердин алкагында айрым бөлүмдөрдү оңдоо, тротуарлардын капталын жана эс алуучу беседкаларды жаңылоо, ошондой эле лифтти алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Иш сапар учурунда Дамир Осмонов борбордун бөлүмдөрүн кыдырып, аймагын карап чыкты жана дарыланып жаткан бейтаптар менен баарлашты. Министр бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттарга, керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана медициналык жардамдын сапатына өзгөчө көңүл бурду.

Бейтаптар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, керектүү дары-дармектерди акысыз алышканын айтышты. Ошондой эле алар борбордогу тазалыкты, жылуулукту жана жашоо шарттарын жогорку баа менен баалашты.