Оюндарга даярдык акыркы баскычта
VI Эл аралык көчмөндөр оюндарына 21 күн калды. Учурда «Биримдик кербени» улуттук 40 күндүк эстафетасы активдүү жүрүүдө. Кыргызстан миңдеген спортчуларды, туристтерди жана расмий делегацияларды тосуп алууга даярданууда.
Оюндардын ачылышы баш калаада өтүп, негизги спорттук мелдештер жана маданий программалар Ысык-Көл облусунда уюштурулат.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Омурбеков билдиргендей, даярдык иштери дээрлик бүтүп калды. Спортчулар учурда Бишкек менен Ысык-Көлдө машыгууларын улантып жатышат.
- Бишкекте бир нече спорт түрү боюнча машыгуу жүрүүдө
- Ысык-Көлдө кок-бору, кок-пар жана эр-эниш боюнча машыгуулар өтүүдө
- Кыргызстандын спортчуларынын командасы толук түзүлгөн
- Акыркы даярдык иштери активдүү жүрүүдө
Ошол эле маалда Бишкекте ШКУ саммити өткөрүлүп, анын алкагында 21 мамлекеттин лидерлери катышат. Бул Кыргызстан үчүн алгачкы жолу мындай макисмалдуу лидерлердин деңгээлинде эл аралык иш-чара болушу.









