Материалдар: 24
Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасындагы иш сапары учурунда «Манас» орденинин I даражасындагы эң бийик мамлекеттик сыйлыгын алды. Мындай сыйлык анын Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн мамилелерин чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров Азербайжандын эң жогорку сыйлыгы — «Гейдар Алиев» орденин тапшырды.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарынын алкагында Ош жана Гянджа шаарлары өнөктөш шаарлар болуп калуу боюнча келишимге жетишти. Мэр Жанарбек Акаев инфраструктура, туризм жана экономика чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Азербайжан президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерин белгилеп, инфраструктуралык объекттердин эл аралык деңгээлде курулушу абдан таасирдүү экенин айтты. Ал, ошондой эле, Азербайжандын өлкөдө инфраструктуралык долбоорлорго катышуусун улантарын билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын башкы саясий жыйынтыгы катары союздаштык мамилелер боюнча келишимге кол коюлат деп билдирди. Ал эки тараптуу кызматташтыкты энергетика, транспорт жана коопсуздук тармактарында кеңейтүүнүн чоң потенциалы бар экенин белгиледи.
Чолпон-Атада Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди расмий тосуп алды. Тараптар ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан чечилбеген маселер жоктугу белгиленди. Визиттин негизги жыйынтыгы катары союздаштык тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө.
Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан президенти Ильхам Алиев мамлекеттик визиттин алкагында расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки өлкөнүн башчыларынын жеке курамдагы сүйлөшүүлөрү, эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланды.
Кош-Кол айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты.
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Сапардын алкагында Ысык-Көлдө Борбор Азиянын лидерлеринин саммити өткөрүлөт.
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев 30-июлда Бишкекке мамлекеттик визитке келет. Визиттин алкагында мамлекет башчылардын сүйлөшүүлөрү жана Мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйыны өтөт.
30-июлдан 1-августка чейин Тамчы эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин жол убактылуу тосулат. Бул чаралар Узбекистан жана Азербайжан президенттеринин мамлекеттик визиттерине жана « Борбор Азия — Азербайжан» саммитине байланыштуу жүргүзүлөт.
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтык олуттуу түрдө жанданды. Инвестициялар инфраструктурага, айрыкча логистикага жана энергетикага багытталууда. Бул өз ара аракеттенүүнүн негизги каржылык механизми катары Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун капиталы 100 миллион долларга чейин көбөйтүлдү, бул биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргызстан жана Азербайжан тарыхый жана руханий жакындыкка таянып, маданият жана билим берүү тармагында өнөктөштүктү жаңы деӊгээлге чыгарды. Бул байланышты эстеликтер жана билим берүү мекемелери аркылуу бекемдөө аракеттери уланууда.