Баткен облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында "Биримдик кербени" аттуу 40 күндүк улуттук иш-чара расмий түрдө башталды. Долбоордун негизги максаты кыргыз элинин биримдигин бекемдөө, көчмөн цивилизациясынын тарыхын жана баалуулуктарын, улуттук салттарды жана маданий мурастарды кеңири жайылтуу болуп саналат.
Иш-чаранын алгачкы кадамы Лейлек районунун Тоо жайлоосунда жайгашкан Шооваз ыйык булагынан суу алуу аземи болду. Бул салттуу жөрөлгө кыргыздын улуттук үрп-адаттарынын жана көчмөн маданиятынын элементтери менен коштолду.
Азем учурунда Шооваз булагынан алынган суу Лейлек районунан тандалып алынган он чабандеске салтанаттуу түрдө тапшырылды. Алар 25-июлда Раззаков шаарынан 40 күндүк улуттук сапарга аттанып, өлкөнүн аймактары аркылуу жол тартышат.
Долбоордун өзгөчөлүгү — Кыргызстандын 40 районундагы ыйык булактардан алынган суулар өзүнчө салттуу идиштерге – көөкөрлөргө чогултулат. Ар бир райондон 10дон чабандес кербенге катышып, жалпысынан 400 катышуучу сууну өлкө аймагына алып өтүшөт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышты. Ал тургундарды долбоордун башталышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгиликтүү жол каалады.












