Бишкектеги Улуттук тарых музейинде көчмөндөрдүн Дүйнөлүк оюндарына 40 күн калганы тууралуу презентация өттү. Иш-чарага белгилүү актерлор, ырчылар, блогерлер, артисттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Оюндандын негизги режиссеру Алтынбек Максутов этногородок "Кырчын" курулууда экенин жана оюн учурунда өткөрүлө турган маданий иш-чаралар тууралуу айтып берип, оюндардын жабылыш аземи тууралуу маалымат берди.

"Биримдик кербени" суунун маданий эстарафетасы

Оюндардын өзгөчөлүгү катары "Биримдик кербени" деген 40 күндүк маданий суунун эстарафетасы сунушталды. Ар бир райондон өзүнүн ыйык булактан суу алып, аны атайын суу сактоочулар атайын кербен менен ташыйт.

Эстарафета чек арага жакын райондордон башталат. Кербенде катышуучулар көчмөндөрдүн салттуу транспорттору – аттар, буйволдор менен чегилген унаалар жана түйөлөр менен жүрүшөт.

Жолдо кербенге башка райондордон катышуучулар кошулуп, суу салтанаттуу түрдө кийинки райондон келгендерге өткөрүлүп берилет. Ар бир кийинки суу сактоочу жаңы кербен менен кошо жүрөт.

Кербен жети облуска барып, акырын Балыкчыда аяктайт. Анда мамлекеттин бардык 40 районунан чогултулган суу салтанаттуу жыйналып, ага Хан-Теңири чокусунун муз кар суусу кошулат.

Бул суунун бириктирилиши көчмөндөрдүн ынтымагынын символу болуп, Дүйнөлүк оюндардын руханий маанисин күчөтөт.