30-июлда Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын коммерция департаменти тарабынан уюштурулган «Кытай (Шаньдун) – Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрү» аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиев катышып, Кыргызстандын башкы шаарынын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жактап сөз сүйлөдү.
Конференциянын негизги жыйынтыктарынын бири – Бишкек шаарынын мэриясы менен Шаньдун провинциясынын коммерция департаменти ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу болду.
Бул документ соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишканалардын ортосундагы бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Мэриянын өкүлдөрү ошондой эле Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, инвестицияларды тартуунун, шаар инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн, өнөр жай жана санарип технологиялар тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.














