Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул билдирүүсүн 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда жасады. Жолугушууга ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери да катышты.
Лавров кыргыз тарапка көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, ал англис тилин ШКУнун расмий жана иш тилдеринин катарына кошуу чечиминин маанилүүлүгүн белгиледи.






















