Кыргызстанда биринчи жолу минералдык жер семирткич — карбамид 10 миң тоннадан кем эмес көлөмдө жеткирилүүсү пландалууда.
Бул тууралуу 17-августта ОАО «Кыргыз Агрохолдинг» жана Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү ортосунда келишим түзүлгөнү маалымдалды.
Кыргыз Республикасынын Суулар ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага биринчи вице-министр Илич Марсбек уулу катышкан.
Келишимде Кыргызстанга биринчи партия сапаттуу карбамидди жеткирүү максатталып, агрардык өндүрүүчүлөрдүн жеткиликтүү жана өз убагында жер семирткичтерге ээ болушу камсыздалып жатат.







