Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жол куруу маселесинде жергиликтүү компанияларга жол берилип, натыйжада убакыт жана акча жоготулганын айтты.

Ал Кумторго бара турган жолду мисал келтирип, башында кытайлык China Road компаниясы чакырымына 800 миң долларга курууну сунуштаганын белгиледи.

Андан кийин жергиликтүү кыргыз компаниялары барып: "Эгер 800 миң долларды бизге берсеңиздер, биз 600 миң доллар субподрядга алып, өзүбүзгө 200 миң доллар пайда алабыз", – деп сунушташкан.