Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлору боюнча форумунда эксперт Татьяна Канте азыркы кезде БАӨ менен аналитикалык уюмдардын интеграциясы маанилүү экенин баса белгиледи.
Канте маалымдагандай, дүйнө бүгүнкү күнү өз ара ишенимсиздиктен улам ар кандай маалыматты туура эмес кабыл алууга дуушар болууда. Ошондуктан, маалыматтын жана аналитиканын бирге иштешүүсү ушул турбуленттүү шарттарда өзгөчө мааниге ээ болду.
Ал форумдун негизинде ШОСтун ишмердиги өз ара ишеним менен ачыктыкка негизделип, ар бир мүчө мамлекет өз салымын киргизе ала турган жаңы глобалдык кызматташтыктын моделин түзүүдө экенин белгиледи.
Кантенин айтымында, аналитикалык борборлор аналитиктин ролун аткарып, массалык маалымат каражаттары болсо бул маалыматтарды туура жана так жеткирүүдө үн жана көз катары кызмат кылышы керек. Бул бирикме бардык деңгээлдерде — маданий, гуманитардык, экономикалык жана саясий багытта ишке ашырылышы зарыл.
Ошондой эле, гуманитардык тилектештик мамлекеттердин бири-бирин терең түшүнүүсүнө өбөлгө түзүп, келечекте кызматташтыкты бекемдөөгө жардам берерин баса белгиледи.



