Ош шаарында чет өлкөлүк эмгек мигранттарына Кыргызстанда мыйзамдуу эмгек жаатында иш алып баруу боюнча консультациялык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарада катышуучуларга иш визасын жана эмгек патентин алуу, убактылуу каттоодон өтүү, эмгек келишимин түзүү сыяктуу мыйзам боюнча зарыл болгон документтер тууралуу кенен маалымат берилди.
Аталган жолугушууда ошондой эле миграция мыйзамынын эрежелери, каттоодон өтүү тартиби, салыктын түрлөрү жана социалдык камсыздандыруу боюнча кеңештер берилди.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, иш-чаранын негизги максаты — чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын укуктук билим деңгээлин жогорулатуу жана мыйзам бузуу учурларын алдын алуу болуп саналат.
Иш-чара учурунда катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты жана мыйзамдуу эмгек кылуу боюнча кеңештердин маанилүүлүгү белгиленди.









